БШКнын мүчөсү: "Арыз-даттануулар каралып жатат. 12-мартка чейин чечимдер кабыл алынат"

Бишкектин эки округунда өткөн кайра шайлоодогу арыз-даттануулар каралып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Түшкөн арыздарды, даттанууларды карап тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынтык чыгарууга киришет. Ошондо арыздар 12-мартка чейин каралат. Учурда түшкөн арыз-даттануулар каралып жатат", - деди Абдыжапар Бекматов.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

27-февралда кайра шайлоо өткөрүлгөн. Учурда шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан