Өлкөнүн сот тутумунун бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты (тизме)

Бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров Судьялардын XII курултайында мыйзамдуулукту бекемдөөдөгү сиңирген эмгеги жана сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн өлкөнүн сот тутумунун бир катар кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наам ыйгарылды:

Чинара Садыровага — Жогорку Соттун судьясы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты:

Азамат Алыбаев — Бишкек шаардык сотунун төрагасы;

Мирбек Арстанбеков — президенттик администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти;

Алмаз Калыбаев — Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасы;

Айнаш Токбаева — Жогорку Соттун судьясы;

Кеңешбек Токтомамбетов — Жогорку Соттун судьясы.

Мындан сырткары сот органдарындагы көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн жана Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкеринин күнүнө байланыштуу президенттин энчилүү сааттары менен сыйланышты:

Болотбек Акматов — Жогорку Соттун судьясы;

Нургуль Асанова — Жогорку Соттун судьясы;

Кыдык Джунушпаев — Жогорку Соттун судьясы;

Эркинбек Мамыров — Жогорку Соттун аппаратынын жетекчиси;

Алмазбек Абдылдаев — Ош облустук сотунун төрагасы;

Канат Аманов — Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары;

Кымбат Архарова — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;

Ашырбек Курманов — Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы;

Урмат Кожомбердиев — Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директору;

Рустамбек Шабыев — Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы маалыматтык технологиялар боюнча мекеменин башкаруучусунун милдетин аткаруучу.

Президенттин атынан алкыш жарыяланды:

Чынара Мамыткановага — Жогорку Соттун аппаратынын коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн басма сөз катчысы;

Изати Шугуралиевага — Жогорку Соттун аппаратынын коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн улук референти;

Замирбек Ормоновго — Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан