Депутат Дастан Бекешевдин "жарандар өлкө президентине кантип кайрылууну билишпейт" деген билдирүүсү боюнча министрлер кабинети жооп кайтарды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент жана президенттин администрациясынын дарегине жарандардан 22 миң 546 кайрылуу келип түшкөн.
4-мартка карата президентке, президенттик администрацияга 3 миң 460 кайрылуу келип түшкөн.
Белгилей кетсек, электрондук кайрылуулар мамлекет башчынын www.president.kg расмий сайты аркылуу кабыл алынат. Жарандардын мамлекеттик органдарга электрондук кайрылуу порталы www.kattar.kg аркылуу ар бир жаран өзүнүн электрондук кайрылуусун тиешелүү түзүмдөргө жөнөтө алат.
Мамлекет башчынын жеке тапшырмасына ылайык, 27-январдан тартып "Биринчи радионун" эфиринде жума сайын (ар бейшемби күнү саат 08.30дан 09.30га чейин) «Биринчи кабылдама» берүүсү уктурулууда, анда жарандар президентке онлайн режиминде кайрыла алышат.
Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы – президентти администрациянын жетекчисинин, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларынын жана мамлекеттик катчынын, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген.
Бекитилген график боюнча күнүмдүк кезмет уюштурулган.
Президенттин администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү жарандардын кайрылууларын кабыл алып, каттоого жана эсепке алат, аларды карап, кайрылуулардын өз мөөнөтүндө каралышын контролдойт, каттарды системалаштырат жана талдайт.
Ошол эле учурда жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү президенттик администрациянын имаратынын жанына митинг, нааразычылык акцияларына чыккандар менен иш алып барууда.
Жыл башынан бери ар кандай мүнөздөгү 88 митинг жана пикеттер катталып, президенттик администрациясынын кызматкерлери алардын катышуучулары менен анда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында жолугушкан.