"Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок". Президенттин басма сөз катчысы билдирүү жасады

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.
"Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Сиздерден сураныч. Дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпаңыздар. "Интернеттен алдык" деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса "сөз эркиндигин ооздуктап жатат" деп айтып чыгасыздар. Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргыз мамлекети жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар", - деп билдирди Эрбол Султанбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан