Бүгүн, 7-мартта президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүн утурлай өлкөнүн бардык аймактарынан келген ар кыл кесиптин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Жолугушууга биринчи айым Айгүл Жапарова да катышты.
Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.
Президент жолугушууга эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, күнүмдүк турмушта чыныгы баатырдыкты көрсөткөн өз кесибинин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгиледи.
Аны менен бирге мамлекет башчы ар бир адамдын жашоосундагы эненин ордун жана мээримин баса белгилеп, алар эч качан ыйлабай, көздөрү бакытка толуп турушун каалады.
Өз кезегинде аялдар өздөрү тууралуу, жумуштан, турмуштан алынган окуяларды айтып беришти.
Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөнүн урматына жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн иш-чаранын катышуучуларына президенттин энчилүү кол сааттары тапшырылды.
Мамлекет башчысы менен жолугушууга катышкандар:
- Альярова Гүльчехра Абдыганиевна;
- Давронова Машхура Равшановна;
- Урмамбетова Бубуя Асанакуновна;
- Усупбаева Максат Мустапаевна;
- Садыкова Бактыгуль Шүкүрбековна;
- Эшенкулова Жылдызбүбү Саматовна;
- Ташбү Тагаева;
- Сагынбаева Гүлсара Абдылдаевна;
- Николаева Ольга Ивановна;
- Алымбек кызы Гүлмайрам;
- Семиренко Айзат Майданбаевна;
- Жумагулова Азия Казыбековна;
- Окушева Гүлжан Молдогуловна;
- Есеналиева Асель Смановна;
- Жолдошбекова Диларамхан Мусаевна;
- Какенова Сайха Ишенбаевна;
- Мажакипова Эльвира Абжалиевна;
- Исмаилова Азизакан Айтибаевна;
- Дегенбаева Гүлнара Орозбаевна.