Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн, Өкмөт кызматкерлерине болгон жарандардын дооматтарын карап чыгуучу институт экенине токтолду.
Ошондой эле мындай жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял киши шайланып келгенин айтып, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишене турганын билдирди.