Социалдык фонддун төрагасы: "Октябрда пенсияны 50 пайызга чейин көтөрөбүз деген маселе каралып жатат"

Депутат Дастанбек Жумабеков пенсияны көтөрүү маселесин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Азыр бардыбызга белгилүү болгондой саясий экономикада саат сайын өзгөрүүлөр болуп жатат. Буга чейин пенсияны көтөрүү боюнча маалымат бердиңиздер. Бирок чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Доллардын өсүшү, баалардын жогорулашы дагы күтүлүп жатат. Сиздердин ушуга жараша кризистик планыңыздар барбы?" - деп сурады депутат.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев: "Пенсияны көтөрүү боюнча 700 миллион сом каралган. Бүгүнкү шарттарга ылайыктуу өкмөттөн кошумча акча бөлүп беребиз деп каралып жатат. Октябрь айында пенсияны 50 пайызга чейин көтөрөбүз деген маселе каралып жатат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан