Депутат Улугбек Ормонов пенсияны тез арада көтөрүү керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Пенсия октябрь айынан баштап деп айтып жатасыңар түшүнбөй калдым. Силер дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп жатасыңарбы? Анализ барбы же жокпу? Бул маселени тез арада карап чыгуу зарыл. Тамак-ашка болгон баанын көтөрүлүшүн эске алыш керек да", - дейт депутат.
Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров өкмөттө кризиске каршы программа иштелип жатканын айтты.