Депутат Равшанбек Сабиров Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 1 миллион сом бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Согуш ардагерлеринин саны аз калды. Кандай иш-чаралар өткөрүлөт? Ушуларга өзгөчө сый-урмат көрсөтүүнү сунуштайм. Аларга 1 миллион сом берүүнү карап чыгуу керек", - деди ал.
Бул сунушту депутат Таалайбек Сарыбашев колдоду.