Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова бейөкмөт уюмдары уюштурган акция боюнча маселе көтөрдү.
"Кечээ, 8-мартта бейөкмөт уюмдарынын уюштурган акциясы өттү. Биздин мамлекеттин 6-7 миллионго жакын элдин үнүн ошол бейөкмөт уюмдар уюштурган акция менен баалаганга болбойт. Бүгүнкү күндө Орусияда жүргөн мигранттар телефон чалып жатышат. Аларга тоскоолдуктар болбош керек. Бейөкмөт уюмдар тарабынан жасалган аракеттерди укук коргоо органдары иретке келтирбесе болбойт", - деди ал.