Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова доллар менен насыя алгандар боюнча маселе көтөрдү.
"Доллардын курсу күн санап өсүп жатат. Бизге карапайым эл кайрылып жатат. Доллар менен насыя алган жарандардын абалы кандай болот? Ушул багытта тиешелүү банктардын жетекчилерин чакырып, протоколдук тапшырма берип, карапайым элдин тагдыры кандай болорун сурап коёлу. Бул өтө маанилүү маселе", - дейт Нарматова.