Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча маселе жабык эшик артында каралат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмас Абытов сунуш берди.
"Кыргыз тарап менен "Центерра" канадалык компаниянын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча токтом долбоорун күн тартибине киргизүүнү сунуштайм. Бул маселени саат 14:00дө жабык эшик артында карап берүүнү сунуштайм", - деди ал.
Депутаттар сунушту колдошту.