Эл өкүлү Адахан Мадумаров боюнча депутаттык комиссия алдын ала чечим кабыл алышты. Бул тууралуу журналисттерге депутат Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымында, депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун четке какты. Чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат.
10-февралда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына кимдер кирди?