Бүгүн, 9-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышып жатат. Анда ал эл өкүлдөрүнө кайрылды.
"Биздин биринчи приоритетибиз - экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, “кылдан кыйкым издебей” ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүү темпи биздин сындашып, акыйлашып олтурганыбызга карабайт. Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей, жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруубуз мезгил талабы болуп турат", - дейт ал.