Президент: "Бийликтин жүзү аткаруу бийлигинин иши аркылуу ачылат"

Бүгүн, 9-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Анда ал сөз сүйлөдү.

"Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрүнүн жана эл шайлаган президенттин алдында ант берген жаңы министрлерибизге тилегим – эл үчүн кызмат кылам деп берген антыңыздарды эгерим эстен чыгарбасаңыздар. Бийликтин жүзү аткаруу бийлигинин, башкача айтканда, мына урматтуу министрлер, сиздердин ишиңиздер аркылуу ачылат. Ишеним артылып, бүтүндөй бир тармактын жүгүн тартам деп иштөөгө белсенип келген соң, бул милдетти аткара албасаңар мамлекеттин жалпы ишине жооптуу катары мага – президентке, анан силерди ишти жөндөп кете алат деп макулдугун берип шайлап берген мыйзам чыгаруу органына сөз тиет.

Эл тараза, эл сынчы” дегендей, иштеген ишиңер, тарткан жүгүңөр элдин элегинен бат эленип, байкалып калат. Жигердүү иш алып барып, мыкты-мыкты демилгелерди көтөрүп таза иштеп берсеңер атыңар тарыхта жазылат. Иштемиш этип түр көргөзүп, эч кандай жылыштар байкалбаса, ага кошумча ар кандай мыйзамсыз аракеттериңер байкалса, бүтүндөй министрликтин аброюна, ал тургай жогоруда белгилегенимдей, бүтүндөй бийлик системасына объективдүү сын айтылары турган иш", - дейт Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан