Бүгүн, 9-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышты.
"Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан сырт эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албастыгы белгилүү. Анын ичинде Кыргыз мамлекети дагы коңшу мамлекеттер менен, кайсы бир уюмдарга мүчө-мамлекет катары эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып барат. Бүгүн дүйнө жүзүндө өнүгүү процесстери ушундай тез ылдамдык менен бара жатканына күбөбүз. Коронавирус пандемиясынан кийин өнүккөн мамлекеттердин экономикасы дагы пандемияга чейинки деңгээлге али жете элек. Ошону менен катар бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп бара жатат, буга баам салып байкап турасыздар. Биз киичнекей өлкөбүз согушту токтотуп койгонго таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек. Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз.
Дал ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болуп турат. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” деген накыл кеп бар элибизде. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алып барышыбыз абадай зарыл болуп турган чак", - деди ал.