Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.
"Зарылчылыкка байланыштуу сиздер чакырган министрлер келе албаса, талкууга коюлган маселени ичинен ийне-жибине чейин иликтеп, анын аткарылышына жооптуу болгон орун басарлары келип жатканын туура түшүнүү менен кабыл алсаңыздар деп өтүнөр элем.
Ыкчам чечүүнү талап кылган маселелер боюнча мен өткөндө да айттым эле. Өкмөттүн чоң жыйынына келип, өз маалында маселе коюп, жообун алсаңыздар болот. Жыйын ар жума күнү өтөт. Ар бир депутат үчүн эшик ачык. Сөзүмдүн акырында ишибиздин ыкчам жүрүшү үчүн ийкемдүү делген ыкмалар, иш-аракеттер менен кызматташуу болсо деген тилегим бар", - деди Жапаров.