Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаров боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими жабык эшик артында каралды.
Депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун четке кагуу чечимин кабыл алган. Депутаттык комиссиянын чечимин депутаттар колдогонун комиссиянын төрагасы Айбек Осмонов SUPER.KG порталына билдирди.