Свердлов району боюнча кайра шайлоо өтөбү? БШКнын жообу

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген кине менен четтетилген.

Буга нааразы болгон талапкер Бишкек шаардык сотуна БШКнын чечимине каршы даттанган.

Бул иш боюнча БШКга байланышканыбызда алар соттун чечимин күтүп жатканын кабарлашты.

“Абдурахманхаджи Муртазалиев сотко кайрылган. Алар БШКнын чечимин күчүндө калтырса, анда аталган округда Муртазалиевден кийин эле көп добуш алган Шайлообек Атазов мандат алат. Бул иш боюнча соңку чечим, соттун өкүмүнө жараша чыгат”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан