Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев доллардын кымбатташы күйүүчү майдын бааларына кандай таасир тийгизерине кызыкты.
"Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт" деген сөз бар эмеспи. Ошол үчүн сиздер өзүңүздөрдү алдабай эртерээк кризиске каршы программа берсеңиздер. Ачык көрүнүп турат. Доллар 20 сомго көтөрүлдү. Ал деген бир литрине 12 сом кошулат деген сөз", - деди эл өкүлү.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангельдиев баалар өсө турганын, бирок кескин өсүшүнө жол берилбей турганын айтты.
"Алишер Абибиллаевич, ачык эле айтып жатабыз. Баа өсөт, ордунда турбайт. Бирок анын кескин өсүп кетишине жол бербейбиз. Канчалык дүйнөлүк баалар өссө, тенденцияда биздин ички баалар дагы өсөт. Ага даярбыз", - деп билдирди Амангельдиев.
Ошондой эле жыйында күйүүчү майдын баасы 1-марттан бери 1 пайызга жогорулаганы айтылды.