Экономика министринин орун басары: "Орусия менен соода-сатыкты рубль менен жүргүзүү каралууда"

Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы соода-сатык жүгүртүү наркы 3 миллиард доллардын айланасын түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык-экономикалык жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангелдиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен эң көп Орусия менен соода-сатык жүргүзөт. Анын көлөмү 3 миллиард доллардын тегерегинде. Айрым позициялар боюнча, тагыраагы күйүүчү май (бардык биржалык товарлар) доллар менен соода жүргүзүлөт", - деди ал.

Депутат Айбек Алтынбеков Кыргыз өлкөсү Орусия менен соода-сатык иштерин жүргүзүүдө рублга качан өтөрүнө кызыкты.

"Алдынкы убактарда соода-сатык рубль менен жүргүзүлөт. Бул боюнча 5 жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок Орусия тарап буга макул болгон эмес. Этабы менен иштер жүргүзүлөт", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан