Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова бош турган мечиттерде бала бакча ачууну сунуштады.
Айтымында, пандемиядан улам көптөгөн социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери бүтпөй келет. Өлкөдө бала бакчалар жетишсиз, аларды курууга бюджетте каражат жок.
"Кыргыз жергесинде айылдарга мечит салган кайрымдуулук уюмдары бар. Бир айылда бир нече мечит бар, кээ бирлери бош калат. Бул мечиттер билим берүү максатында курулгандыктан бала бакча катары колдонсо болот. Бир айылга бир мечит жетет. Имамдар, тургундар бир мечитке чогулуп турса болот. Ал эми бош мечиттер бала бакча катары ачылса, менимче эл колдойт. Анткени шайлоочулар өздөрү чогулуштарда мындай сунушту айтып жатышат", - деди ал.