Абактагы Фарид Ниязов дарыгерлердин текшерүүсүнөн өттү

Абактагы саясатчы Фарид Ниязов дарыгерлердин текшерүүсүнөн өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-мартта 63 жаштагы Фарид Ниязов Улуттук кардиология жана терапия борборунда (NCKiT) комплекстүү медициналык текшерүүдөн өттү.

Тактап айтканда: эхокардиография, ЭКГ, ички органдардын УЗИ, калкан бези, кан тамырлар, клиникалык жана биохимиялык анализдер жүргүзүлгөн.

Ошондой эле консилиюм болуп тиешелүү адистердин катышуусу менен диагнозу аныктаган (НЦКиТ).

Анын жыйынтыгы боюнча бейтапка дары-дармек жазып берген.

Бүгүнкү күнү Ф.Ниязов №21 мекемеде тергөө абагында камакта, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан