Борбордук шайлоо комиссиясы Эльвира Сурабалдиевага Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эльвира Сурабалдиевага 27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкек шаарынын Биринчи Май округунан эң көп добуш алып, депутат болуп шайланган.