Улуттук банктын төрагасынын орун басары канча айлык аларын айтты

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов 108 миң сом айлык алат. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 11-мартта өткөн Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында айтты.

Жыйында депутат Кундузбек Сулайманов ага "Сиздин айлыгыңыз канча?" деген суроо берди.

"Айлыгым 108 миң сом. Анан Социалдык фонд, салык кармаганда болжол менен 87 миң сомдой колума тиет", - деди Жакыпов.

"Оору кадырын соо билбейт, ач кадырын ток билбейт дегендей, булар айлыгынын көптүгүнөн насыя албайт", - Кундузбек Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан