Президент Садыр Жапаров Кореянын президенти болуп шайланган Юн Сок Ёлди куттуктады.
"Корея Республикасы Азия-Тынч океан регионундагы Кыргыз өлкөсүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Кыргыз мамлекети достук жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген кыргыз-корей эки тараптуу мамилелерин жогору баалайт. Акыркы жылдары биздин кызматташтыгыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилей кетүү кубанычтуу. Буга жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар, жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр маанилүү өбөлгө түздү.
Сиздин жогорку мамлекеттик кызматта иштөөңүз Корея Республикасынын мындан аркы өнүгүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин тереңдешине салым кошот деп ишенем", - деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо катында.
Садыр Жапаров Юн Сок Ёлго чың ден соолук жана жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми корей элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.