Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн баштады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүндөгү Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында бүгүн, 12-мартта "Ала-арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштады.
Иш-чарага эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, президенттин администрациясынын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин иш башкармалыгынын жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы климаттын тез өзгөрүшү, аба ырайынын начарлашы жана мөңгүлөрдүн ээриши Кыргызстандын эле эмес, дүйнө жүзүнүн көйгөйү экенин белгиледи.
"Дүйнө жүзүндөгү ар бир адам ким болбосун, кайсы өлкөдө жашабасын, климатка терс таасир эткен көрүнүштөр менен күрөшүүсү керек. Бийик тоолуу, кышы суук Кыргызстандабы же ысык Африкадабы - айырмасы жок. Анткени дүйнө жүзүндө климат, аба жана табият боюнча мамлекеттер ортосунда чек ара жок. Биз бардыгыбыз бир аба менен дем алабыз", - деген ал бардык өлкөлөрдү Кыргыз Республикасынан үлгү алып, табиятты жана климатты коргоо маселесинде сөздөн ишке өтүүгө чакырды.
Садыр Жапаров "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү жалпы өлкө боюнча, ар бир аймакта өтүп жатканын жана жыл сайын өтүүчү салтка айланарын белгиледи.
Жыл сайын өлкө боюнча 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда.
Президент өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун алкактык конвенциясынын тарпатарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинде Кыргыз өлкөсүнө БУУга 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушун бергенин эске салды. 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп жана 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышкан. Февралда "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыкка кол коюлган. Мамлекет башчысы табиятты кийинки муунга сактоо маанилүү экенине көңүл бурдуруу үчүн иш-чара "Жашыл мурас" деп аталганын белгиледи.
“Ар бир адам өзүнөн кийин бул дүйнөдө из калтырышы керек. Адам өзү үчүн гана жашайм деп максат койбош керек, балдарыңа, неберелериңе мурас калтырыш керек. Бул ар кандай болушу мүмкүн: материалдык, рухий, климаттык. Эң негизгилеринин бири – жаратылыш мурастары”, - деди ал.
Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын бардык кызматкерлерин жана Кыргыз элин “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясына активдүү катышууга, көчөт отургузуу менен гана чектелбестен, мындан ары да көзөмөлгө алып, кам көрүүгө чакырды.
Андан соң иш-чаранын катышуучулары бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, бактын аймагын тазалап, көрктөндүрүштү.