Элчи Өмүрбек Текебаев Берлинде жашаган кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Элчи катары миссиясын Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери, ошондой эле «Кыргыз-Герман маданий коомунун» өкүлдөрү менен жолугушуусунан баштады. Аталган жолугушуу 2022-жылдын 11-мартында өткөрүлдү.
Текебаев Кыргыз өлкөсү менен Германиянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргыз мамлекетинин экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары жана идеялары менен бөлүштү. Элчи Өмүрбек Текебаев Элчилик менен Германиядагы кыргыз диаспоранын ортосунда тыгыз кызматташтыкты улантуунун зарылдыгын белгилеп, мекендештерди өлкөгө инвестицияларды, жаңы технологияларды тартууга жана туристтик потенциалды жайылтууга активдүү көмөк көрсөтүүнү улантууга чакырды.
Достук маанайда жолугушуунун учурунда мекендештер талкууга активдүү катышып, ар кандай маселелер, анын ичинде консулдук мүнөздөгү маселелер талкууланды.