Бүгүн, 13-мартта парламенттин төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын географиялык коомунун II съездине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын географиялык коомунун камкоорчулар кеңешинин төрагасы. Аталган коом география тармагындагы адистерди, экологдорду, саякатчыларды, коомдук ишмерлерди жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүн бириктирген уюм болуп эсептелет.
Съездде сөз сүйлөгөн төрага Талант Мамытов экологияны коргоо маселеси дүйнө жүзүндө актуалдуу жана маанилүү маселелердин бири экенин белгилеп: "Президентибиз Садыр Жапаров да Глазго жергесинде өткөн БУУнун климаттык саммитинде тоо-мөңгүлөрдү сактоо маселесине токтолуп, климаттык өзгөрүүнүн терс кесепеттерин жоюу тууралуу сунуштары менен бөлүшкөн. Дүйнө коомчулугу айтылган демилгелерди колдоп, 2022-жыл - "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыяланды. Ал эми Кыргыз Республикасында быйылкы жыл "Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы" деп аталды. Анткени бүгүнкү күндө адам баласынын жаратылышка тийгизген терс таасири эң жогорку катастрофалык деңгээлге чейин жетти десек болот. Кыргыз Республикасын байырлап келген ак илбирс, Тянь-Шань күрөң аюусу, “Марко Поло” тоо текеси, кызыл китепке катталган Баткендеги Айгүл гүлү сыяктуу сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрү жок болуп кетүү коркунучунда. Ал эми жер-жерлерде браконьерлер менен күрөшүү, туш келди ташталган таштандыларды тазалоо жана кайталангыс табиятыбызды коргоп калуу зарылчылыгы пайда болууда. Бул үчүн аймактарда иш жүргүзүп келе жаткан биздин экоактивисттерибизге жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдардын колдоосу өтө керек", - деди.
Муну менен катар калк арасында жаратылышты коргоо маданиятын жогорулатып, экология маселесине активдүү тартуу зарылчылыгын кошумчалады.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын жаратылышы өзгөчө жана кайталангыс экенин айткан Талант Мамытов: "Биздин алдыбызда география илимин популяризациялоо, улуттук баалуулуктарыбыз менен тарыхый мурастарыбызды өнүктүрүү маселеси турат. Ошондой эле жаштар арасында волонтерлук штабдарды колго алуу, аймактардагы камкордук кеңештерин калыптандыруу жана экотуризмди өнүктүрүү да учур талабы", - деди.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында "Экологиялык тартип" коомдук уюмунун тарабынан жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү багытындагы тасма көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында Төрага Талант Мамытов Кыргызстан географиялык коомунун жана "Экологиялык тартип" коомдук уюмунун өкүлдөрүнө экологияны коргоо жаатында жасап жаткан жигердүү ишмердүүлүктөрү үчүн Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттарын тапшырды.