11-мартта Равшанбек Сабиров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. SUPER.KG порталы 16-февралда Сабиров аталган кызматка дайындаларын жазган.
Равшанбек Свабиров 1970-жылы 18-февралда Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган.
1988-1990-жылдары Советтик Армиянын катарында Тула шаарындагы №12159 аскердик бөлүгүндө Аба аскердик десанттык бөлүгүндө (ВДВ) кызмат өтөгөн.
3 жогорку билимге ээ: 1991-1996-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсептик-коммерциялык факультетин аяктаган;
1997-1999-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин бажы жана юридикалык кадрларды даярдоо факультетин аяктаган;
2014-2017-жылдары Орусиянын президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын Мамлекеттик кызмат жана башкаруу институтун (ИГСУ) аяктаган.
Ал эмгек жолун Кара-Суу районундагы “Кыргызстан” совхозунда комсомолдук бригадада иштөө менен баштаган. Рынок экономикасы шартында ал жеке ишкердик менен алектенген. Бир катар коммерциялык ишканаларда менеджер болуу менен көптөгөн жумушчу орундарын түзгөн.
2010-жылы Кыргызстан калктарынын ассамблеясынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынан депутат болуп шайланган.
2011-жылы декабрь айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри болуп эмгектенген.
2020-жылы “Мекенчил” саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан.
2020-жылы октябрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин вице-премьер-министр;
2021-жылдын февраль айынан тартып 10-октябрга чейин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
2021-жылы ноябрь айынан Жогорку Кеңештин "Ата Журт-Кыргызстан" саясий партисынын VII чакырылышынын депутаты.