Депутат Икрамов сабак учурунда окуучуларга телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады

Депутат Тазабек Икрамов сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Балдар бири-бири менен сүйлөшпөй да калышты. Жалпы сабак учурунда мектеп окуучуларына телефон колдонууга тыюу салуу керек. Окуучулар мугалимдерди тартып жатышат. Мектепте тартип болуш керек. Сабак учурунда колдонууга болбойт деп, көзөмөлгө алып берсек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан