Бүгүн, 14-мартта президент Садыр Жапаров ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү менен бинес-коомчулугунун жолугушуусунда "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" мыйзамынын долбоору тааныштырылып, талкууланды.
Ошондой эле ата мекендик экономиканын учурдагы абалы талкууланып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн жолдору белгиленди.
Мамлекет башчы өз сөзүндө бул мыйзам долбоору биринчи кезекте "көмүскө" экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын белгиледи.
Президент белгилегендей, "көмүскө" экономиканын жогорку деңгээлде болуусу Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк жылдарынан бери келе жаткан чоң көйгөй.
Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкө өзүнүн тарыхынын жаңы барагын ачып жатканын, бул мыйзам долбоорунун максаттарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан саясий эрк жана кепилдиктер жетиштүү экенин баса белгиледи.
Ал иштелип чыккан долбоордун бир катар өзгөчөлүктөрүн белгиледи. Анын ичинде кылмыш куугунтугунан коргоо жаатында мамлекеттик кепилдиктер бекемделген.
"Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам өлкө тарыхында 5 жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ал эми бүгүн сиздер менен талкуулап жаткан мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай тургандыгын баса белгилей кетүү керек", - деди президент Садыр Жапаров.
Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев баяндама жасап, комментарий беришти.
Өз кезегинде ар кыл тармактын өкүлдөрү болгон ата мекендик ишкерлер бул мыйзам долбоорун практикалык ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын жана көз караштарын ишкерлер Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков, "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Жумадил Эгембердиев, "Үмүт жана К" ЖЧКнын башкы директору Кайрат Абдуллаев, "Бишкек курулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ААКнын башкы директору Аскар Молдобаев, "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКнын директору Манас Белошаров, "КАС технолоджис" ЖЧКнын башкы директору Акылбек Мамыров жана башкалар айтышып, анын өз убагында кабыл алынышын белгилешти.
Президент Садыр Жапаров бизнес тарабынан көтөрүлгөн суроолорго жооп берип, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер тиешелүү ниет протоколуна кол коюшту.
Жолугушууга бизнес чөйрөсү тарабынан айыл чарба, курулуш, туризм жана башка көптөгөн экономикалык ишмердүүлүк тармактарынын өкүлдөрү катышты.