Парламент комитетинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылдагы бюджети кирешелер боюнча 17 миллиард 137 миллион 156 миң сомго, чыгашалар боюнча 16 миллиард 663 миллион 604 миң сомго аткарылган. Ал эми 2021-жылга такталган бюджети 19 миллиард 747 миллион 104 миң сом өлчөмүндөгү кирешелердин негизинде түзүлдү. Ошондой эле фонддун бюджетинин болжолдонгон жалпы кирешелери: 2022-жылга - 19 миллиард 960 миллион 251 миң сом; 2023-жылга - 20 миллиард 29 миллион 751 миң сом; 2024-жылга - 20 миллиард 590 миллион 206 миң сом.