"Мен 30 жыл мамлекеттик кызматта иштеп мынча айлык алган эмесмин". Депутат Масалиев "Инфокомдун" жетекчисинин айлыгы көп экенин айтты

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Исхак Масалиев "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рыскулбек Осмоналиевдин айлыгы канча экенин сурады.

Осмоналиев: "IT адистеринин айлыгы 80 миң сомдон жогору. Меники 70 миң сом", - деди.

Масалиев: "30 жыл мамлекеттик кызматта иштеп мындай айлык алган эмесмин. IT адистеринин айлыгы жогору болгону туура эле. Көп айлык төлөбөсөңүз алар кетип калат", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан