Сот Свердлов округунан талапкер болгон Абдурахманхаджи Муртазалиевдин БШКнын үстүнөн жазган арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-мартта административдик сотто талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевдин БШКнын үстүнөн жазган арызы каралган.
Отурумдун жыйынтыгында, Муртазалиевдин арызын сот канааттандырган эмес.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген жүйө менен четтетилген.
Буга нааразы болгон талапкер БШКнын чечимине каршы сотко даттанган.