Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер

Бүгүн, 15-мартта президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркмөнстандын шайланган президенти Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Баарлашууда Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду ушул жылдын 12-мартында президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстандын ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди. Гурбангулы Бердымухамедов менен парламенттин жогорку палатасынын төрагасы катары конструктивдүү байланыштарды улантууга даяр экени айтылды.

"Тараптар регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышып, кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Ошону менен бирге Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, мамлекеттик жогорку кызматта чоң ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду 2022-жылдын 21-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү пландалып жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө чакырды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан