Депутат Сүйүн Өмүрзаков Казакстан менен Тажикстандын чек ара кызматкерлери биздин жарандардан Тышкы иштер министрлигинин кагазын алып келгиле деп талап кылып жатышканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күндө чек ара маселеси көйгөйлүү болуп жатат. Баткен, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облусунда чек ара боюнча маселелер бар. Казакстан менен Тажикстандын чек ара кызматкерлери биздин жарандар өтүп жатканда, Тышкы иштер министрлигинин кагазын алып келгиле деп талап кылышат экен. Биздин жарандар Тышкы иштер министрлигине кайрылышып, алар уруксат бергенде гана чек арадан өтүшөт экен. Ушул боюнча ишти карап, тиешелүү органга тапшырма берүү керек. Элге жашоо шартты жеңилдетүү зарыл", - деди ал.