Депутат Балбак Түлөбаев Орусиянын дан өсүмдүктөрүн экспорттоого чектөө койгону боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Орусияда болуп жаткан окуяга байланыштуу алар чектөөлөрдү коюп жатат. Алар чектөө койгон продукцияларды Кыргыз мамлекети бир жактан алып келишибиз керек да. Буудай, шекер, май келбесе Орусиядан башка жактардан алып келип, элди камсыз кылышыбыз зарыл", - деди ал.
Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров рынокто баары жетиштүү экенин айтты.
Орусиянын өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнө данды экспорттоого 30-июнга чейин жана ЕАЭБдин чегинен тышкары кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин убактылуу тыюу салган.
SUPER.KG порталынын Телеграм каналына бул шилтеме аркылуу кире аласыз!