Депутат Мирлан Самыйкожо вице-мэр Максатбек Сазыкуловду Бишкектеги автобустун айдоочуларынын күнүмдүк планы 5 миң сом деген маалыматты текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Автобустун айдоочулары дагы адам. Алардын күнүмдүк планы канча?", - деп сурады депутат.
Сазыкулов айдоочулардын күнүмдүк планы 2 миң сом экенин айтты.
Депутат: "5 миң сом деп айтып жатышат. Ушуну көзөмөлгө алып, кат жүзүндө жөнөткүлө. Кантип 5 миң сом планды толтурат? Планды толтурбаса айлык берилбей жатыптыр", - дейт.
Вице-мэр бул маселени изилдеп, расмий түрдө жооп берерин билдирди.