Матраимов тонировка тууралуу: “Акча түшкөнү маанилүүбү же адам өмүрү маанилүүбү?"

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Анда жеңил унаалардын алдынкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат берүү боюнча мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Талкууда комитеттин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевден унаалардын терезелерин караңгылатуудан бир жылда канча каражат түшөрүн сурады. Буга министр канча каражат түшөрү тууралуу божомолдоо жок экендигин айтты.

Эл өкүлү ошондой эле унаалардын терезелерин канча пайыз караңгылатууга уруксат берүү сунушталып жатканын сурады эле министр “чектөө жок” деген жообун берди.

Искендер Матраимов буга коопсуздук дагы керек деген пикирин билдирди.

“Мамлекетке акча түшкөнү маанилүүбү же адам өмүрү маанилүүбү? Мен унаанын айнегин караңгылатпайм, Сүйүн Абдылдаевич кылдырбайт. Биздин курагыбыз деле андан өтүп калды. Айдоочулук тажрыйбасы аз жаштар унааларынын терезелерин караңгылаттырат. Мунун бизге пайдасынан зыяны көп”, - деди Матраимов.

Комитеттин дагы бир мүчөсү Эмил Жамгырчиев терезелерди караңгылатуу айрым жол эрежелерин жашырат деген пикирин айтты. Буга ал унаа айдап баратканда, уюлдук телефондо сүйлөшкөндөр жана коопсуздук курун тагынбагандар көрүнбөй каларын мисал кылды.

“Коопсуздук курун тагынбоо жана телефондо сүйлөшкөндөрдөн түшө турган айыптар кескин түрдө азаят. Мисалы уруксатты 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин деп атыпсыңар, муну баары эле төлөй албайт, Лексустарга коюлуп, Фиттерге коюлбайт, бул элди бөлүп, кыжырын келтирет”, - деди депутат.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов Өзбекстанда акча төлөп терезелерди караңгылатуу иштеп келе жатканын жана анда элди катмарларга бөлүү болбогондугун айтты.

Жамгырчиев ошондой эле уруксатсыз караңгылатып алгандарга салына турган айып 20 миң сом экенин, уруксат алууну айып менен бирдей кылуу туура болот деген пикирин айтты.

Жыйындын соңунда мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан