Парламент комитети Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүнү колдоду. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетиндеги депутаттар билдирди.
Маалыматка ылайык, токтом үч окууда колдоо тапты.
Былтыр, 25-декабрда президент Садыр Жапаров "Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.