Бүгүн, 16-мартта Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.
Анда депутат Өмүрбек Бакиров бул мыйзам долбоорун колдой турганын айтты.
"Бул өтө туура сунуш. Мурда эле аталышы өзгөрүшү керек болчу. Бул мыйзамды баарыбыз колдоп турабыз. Бишкек шаарынын райондорунун, көчөлөрүнүн аталыштарын дагы өзгөртүү шарт", - деди ал.
Ошону менен катар эле ал Раззаковдун аты-жөнүн эле эмес, атын дагы кошуу керек болчу деген пикирин билдирди. "Раззаков деген фамилиялар көп да. Исхак Раззаков деп өзгөртүп коюш керек эле", - деди эл өкүлү.