Жогорку Кеңеште Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүү долбоору үч окууда кабыл алуу үчүн добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеште Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүү мыйзам долбоору каралды.

Анда депутаттар мыйзам долбоорун талкуусуз, үч окууда добуш берүүгө жөнөтүүнү сунушташты.

Жыйынтыгында сунуш колдоо таап үч окууда кабыл алуу үчүн добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Былтыр, 25-декабрда президент Садыр Жапаров "Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан