Депутат Чыңгыз Ажибаев диплому жасалма делген 4 эл өкүлүнүн атын атоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Эки күндөн бери Жогорку Кеңештин 4 депутатынын диплому жасалма деген маалымат берилип жатат. УКМК маалыматты берди деп жатат. Ошол 4 депутаттын атын атап койбойбу? Бүгүн эртең менен менин душмандарым Ажибаевдин диплому жасалма деп чыгарыптыр", - деди эл өкүлү.
Башкы прокуратуранын өкүлү: "Дипломдорду текшерүү тапшырмасы президент тарабынан берилген. УКМК тарабынан иштер жүргүзүлүп жатат. Бул алдын ала маалымат болуп эсептелет. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аттарын атай албайбыз", - деди.