Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу социалдык тармакта жазган комментарийи боюнча сүйлөдү.
"Жасалма диплому бар Жогорку Кеңештин 4 депутатынын бирөөсү Ноокаттан экен десе, Фейсбукту карасам бирөө "Жусупбек Коргонбай уулунун диплому жасалма" деп жазыптыр. Анан аны тааныбасам эмне дейм? Сен кумду бир жериңе куюп ойноп жатканда, мен жатаканада 63 сом стипендия алып окугам деп жооп бердим. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бизден бир курс жогору окуган", - деди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.