Депутат: "Кээ бир блогерлер "10-20 миң сом бер" деп дубана эле болуп кетишти"

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу блогерлер тууралуу маселе көтөрдү.

"Кичинекей кезибизде айылдагы үйүбүзгө дубаналар куржун көтөрүп келчү эле. Журналисттерге сөз тийгизгим келбейт. Кээ бир блогерлер дубана эле болуп калды. 10 миң, 20 миң сом бер деп келишет. Бир маалыматты таап алышып, ушуну чыгарабыз 30-40 миң сом бер деп жатышат. Коомчулукта жаңы өспүрүмдөр өсүп келе жатат. Мындай нерселерди тартипке келтирүү керек", - деди депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан