Жогорку Кеңеште Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүү мыйзам долбоору кабыл алынды

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеште Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды.

Жыйында депутаттар мыйзам долбоорун талкуусуз, үч окууда добуш берүүгө жөнөтүүнү сунушташкан.

Былтыр, 25-декабрда президент Садыр Жапаров "Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан