Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров "Парламент" радиосу жабылганы жатканын айтты.
"Парламент элдин өкүлү катары эмне иш менен алек болуп жатканы калкка жетип турушу керек. 74 пайызга жакын калк "Парламент" радиосунан маалыматтарды угуп турчу. Ал жерде 3 адам иштейт экен. Кыскартуу жүрүп, радио жабылат экен. Парламенттин ишин чагылдырып жаткан телекомпаниялардын баары жабылды. Эгерде биздин иштеп жаткан ишибизди калкка жеткире турган бардык маалымат каражаттарын жаба берген болсок, анда биз деле жабылып алып иштей бербейлиби?", - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.