Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл көзүндөгү адам экенин унутпашы керектигин эскертти.
"Саламаттыкты сактоо министри өзүн туура эмес алып жүрүп жатат. Президент буга өзү реакция кылышы керек. Эл президенттин дагы урматуу дарыгерибизге болгон мамилеси ушундай деп ойлоп калышат. Мен президенттин дагы ою кандай деп ойлобойм. Жарандар дагы бийликке, окуучулар дагы мугалимдерге ошондой мамиле кылышат. Министр эл көзүндөгү адам экенин унутпасын", - деди ал.
Белгилесек, 14-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги "Тез жардам" ооруканасына барганда, Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы хирургия илимий борборун жапканын билдирген.