Депутат Айбек Осмонов министрлер кабинети депутаттар көтөргөн маселелерди аткарбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биз депутаттар элдин көйгөйлөрүн айтып жатабыз. Сиз болсо жазып жатасыз. Ушунун дээрлик 5 пайызы чечилбей келет. Депутаттар айткандан, сиз жазгандан чарчаган жоксуз. Мисалы мен канчалаган көйгөйдү көтөрдүм, анын 5 пайызы да чечилген жок. Биз элдин көйгөйүн жеткиришибиз керек. Элдин талабы мектеп, бала бакча, суу, жол. Канча депутат айтты, бирок чечилбейт", - деди Осмонов.